www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-сентябрда АРИСтин Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун“Шарт түзөт” коммуникациялык стратегиясынын презентациясы өттү. Бул тууралуу аталган мекеме нин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Билдирүүгө ылайык, иш-чаранын максаты жаңы конуштарды ичүүчү суу менен камыздоо системаларын өнүктүрүү.

Стратегиянын максаты - суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена жаатында калктын жаңы жүрүм-турум практикаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу.

Документте үй чарбаларын суу түтүтүктөр линияларына кошуу, суу эсептегичтерди колдонуу, суу үчүн төлөмдөрдү убагында төлөө, үйдөгү санитардык шарттарды жакшыртуу, балдардын заңын коопсуз жок кылуу маселелери боюнча ар кыл иш-аракеттер каралган.

Мындан тышкары, иш-чарада 2026-жылга чейин Кыргызстандын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы жарыяланды.

Программанын максаты - калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу чыгаруу системаларын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо аркылуу элдин ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтуу.

Программанын жалпы бюджети 70,2 млрд. сом. Анын ичинен 2 млрд. сом республикалык бюджеттин эсебинен. Калганы Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик катчылыгы (SЕСО), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкынын, Европа инвестициялык банкы, Кытай өкмөтү, Сауд өнүктүрүү фонду, ПРООН жана ЮНИСЕФ тарабынан каржыланат.

Иш-чарага Өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдарынын жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости