www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы суткада өлкө боюнча COVID-19дан 98 адам айыгып чыкса, 91 киши жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Айыгып чыккандар:

  • Бишкек шаары – 39;
  • Чүй облусу – 4;
  • Ош облусу – 10;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 19;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 18.

Өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын саны 41 415ке жетти.

Ооруну жуктуруп алгандар:

  • Бишкек шаары – 7;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 15;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен облусу – 20.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган кыргызстандыктардын жалпы саны 45 244 адамды түздү.

Өткөн суткада өпкөнү сезгенткен оорудан каза болгондор катталган жок. Негизи пандемия башталгандан бери бул оору 1063 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта ооруканаларда коронавируска кабылган 547 бейтап жатат, ал эми 1 772 кыргызстандык үй шартында дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча үч медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын экөө Баткен облусунда, бири Жалал-Абадда иштейт.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 188 учур катталды, алардын ичинен 2 760 медкызматкер айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости