www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкерлер 2020-жылдын 1-июлунан тартып 18-сентябрына чейин 127 млрд 241,2 млн сом суммада 1 млн 71 миң электрондук эсеп-фактураны тариздешти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда система ишке киргизилгенден баштап электрондук эсеп-фактураны 9 миң 911 ишкер пайдаланууда.

Эске салсак, ушул жылдын 1-июлунан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүшкөн.

Электрондук эсеп-фактура кагаз жүзүндөгү документке салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, системада иштөө криптографиялык коргоо каражаттарын пайдалануу менен корголгон каналдар аркылуу ишке ашырылып, ал күнү-түнү иштейт жана жетишээрлик жөнөкөй жана түшүнүктүү интерфейске ээ. Электрондук документ эсеп-фактураны түзүүдө жол берилген каталардын санын азайтат, андан тышкары, эгер адресат “Электрондук эсеп-фактура” системасын пайдаланып жаткан болсо, бул системадан чыкпастан контрагентке эсепти тез жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Белгилүү болгондой, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жана "Санарип Кыргызстан" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында электрондук эсеп-фактурадан тышкары, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар ишке киргизилди. Ошондой эле программалык ККМ-онлайн, товарларды маркалоо жана башка долбоорлорду ишке киргизүү боюнча тийиштүү иш-чалар жургүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости