www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Таш-Көмүрдө 70 жаштагы ардагер сыйланды

Карысы бардын ырысы бар: Таш-Көмүрдө 70 жаштагы ардагер сыйланды. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдарында бир топ жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан милициянын отставкадагы майору Мудров Александр Александрович 70 жашка толду. Анын өздүк майрамы менен Таш-Көмүр ШИИБдин начальниги милициянын подполковниги Азенбек Козукеев, Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Таш-Көмүр шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ибрагим Орозбаев баштаган бир топ жаш кызматкерлер куттукташты. Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну Александр Мудровго майрамдык саамалыкка баргандар тарабынан КРнын ИИМдин юбилейлик “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалы тапшырылды. Алар ардагерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалашып, уул-кыздардын, неберелердин сыйын көрүп, жаштарга татыктуу тарбия берүүдө үлгү көрсөтүүгө чакырышты.

70 жашка толсо да кайратынан жазбай, жаш кызматкерлерге жол көрсөтүп, акыл-насаатын айтып келе жаткан Александр Мудров келген жамаатка ыраазычылык билдирди. Ардагер ар дайым милиция кызматкерлери менен кызматташууга жана керектүү учурларда аларды колдоого даяр экендигин айтып өттү.

Мындан сырткары 60 жашка толгон ички иштер органдарынын ардагери Эсенбек Молдобаевге Жалал-Абад ОИИБдин куттуктоо баракчасы тапшырылды. Ошондой эле Ноокен районунда жашаган ардагерлердин жубайлары Лилия Бакиева жана Бактыкан Сыдыковага “Офицердин жубайы” медалдары ыйгарылды.

Милициянын отставкадагы майору Мудров Александр Александрович 1950-жылы 14-сентябрда туулган. Эң алгачкы жумушун 21 жашында убактылуу кармоочу жайда милициянын ага сержанты чининен баштаган. Андан кийин жогорку билим алуу максатында Казакстандын Караганды шаарындагы милициянын атайын жогорку мектебин аяктаган. 1975-жылы кылмыш иликтөө бөлүмүнө өтүп, ал учурдагы СССРдин ИИМнин 04.09.1975-жылдагы №473 сандуу буйругунун негизинде алгачкы офицердик милициянын лейтенанты чини ыйгарылган. Ошентип 1980-жылдарга чейин кылмыш иликтөө багытында эмгектенген.

1980-жылдын декабрь айынан тартып, Ош ОИИБдин штабынын жетекчиси болуп дайындалган. 1982-1995-жылдары Кызыл-Кыя ШИИБде, Шамалды-Сай, Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмдөрүндө начальник кызматтарында эмгектенген. ИИОдо 28 жыл кызмат өтөп, 1999-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Милициянын отставкадагы майору Александр Мудров өзүнүн ИИОдогу ишмердүүлүгүндө, ошол убакыттагы СССРдин ИИМнен 1 жолу, КРнын ИИМнен 5 жолу, Ош жана Жалал-Абад ОИИБдеринен 7 жолу ар кандай медалдар жана алкыштарга ээ болгон. Ошондой эле «СССР милициясынын отличниги» төш белгисин алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости