www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин, Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабакта 10-октябрь саат 12: 00дөн баштап ок атышпоо келишимине карабастан, өз ара кол салуулар уланып жаткандыгын кабарлаганбыз.
Буга ачык мисал Азербайжандын Бакудан кийинки экинчи чоң шаары болгон Ганжага ракета менен чабуул жасалды. 11-октябрда түнкү саат 2: 00дө, Тоолуу Карабакта аскердик операциялар жүрүп жаткан аймактан 20 чакырым алыстыкта ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийин, шаарда ракета чабуулу болду.
Армениянын аба күчтөрүнүн ракеталык соккусунун натыйжасында шаардын турак жай конушундагы бүтүндөй бир көчө талкаланды. Кол салуудан тогуз адам каза болуп, 40 адам жаракат алды. Көптөгөн турак жайлар жабыркаган. Азербайжан расмийлеринин айтымында, шаарга Tochka U ракетасы кол салган.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Ганжага ракеталык чабуул жасоо буйругун Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жеке өзү бергенин билдирди.
"Ганжага ракеталык чабуул үчүн Армениянын аскердик-саясий жетекчилиги күнөөлүү. Биздин маалыматыбыз боюнча, мындай чечимди Пашинян жеке өзү кабыл алган”, - деди президент Түркиянын Haber Global телеканалына берген маегинде.
Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армения Россиянын арачылыгы менен Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотууга макул болушкан. Элдешүү туткундарды жана өлүктөрдү алмашуу үчүн түзүлгөн.
Расмий Бакунун айтымында, Армениянын Куралдуу Күчтөрү Азербайжанга каршы ушул жылдын 27-сентябрында саат 06: 00дөн баштап ири фронтторду аткарышып, Азербайжан армиясынын позицияларын, ошондой эле алдыңкы линия аймагында жайгашкан калктуу конуштарды аткылашкан.
Армения чабуулду Азербайжан куралдуу күчтөрү уюштурганын айтууда. Азербайжан куралдуу кагылышууларга жооп иретинде сокку урганын расмий жарыялады жана Армениянын чек арасындагы жарандардан чек ара аймактарын таштап кетүүнү суранды.
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев элге кайрылуу жасап, жаңжал Азербайжандын чагымы эмес деди.
Николь Пашинян өлкөдө согуш абалы жана жалпы мобилизация жарыялады. Андан кийин Илхам Алиев өлкөдө аскердик абалды жана коменданттык саат жарыялоо жөнүндө жарлыкка ошондой эле 28-сентябрда жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча документке кол койду.
Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыңалуунун артынан тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аларды сүйлөшүү столуна кайтууга үндөдү. Президент Владимир Путин Николь Пашинян менен сүйлөшүп, тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштады. Ал ортодо Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев негизги күчтү жана колдоону Түркия Республикасынан алары белгилүү болду. Ошол эле күнү Түркия менен Азербайжандын Президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, Эрдоган түрк эли жана Азербайжанды колдон келишинче колдой тургандыгын эскертти.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg