www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең БШК мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевдин депутаттыкка кайтып келүү ниетин билдирип жазган арызын карайт.
Саясатчы Текебаев "Ата Мекен" партиясынан ЖКнын VI чакырылышына кайрадан депутат болуп келиши мүмкүн. Бул маалыматты БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева тастыктады.
Буга чейин Текебаев БШКга коррупция боюнча соттун өкүмүнөн улам ажыраган мандатын кайра кайтарып алуу боюнча арызын берген. Жогорку сот ишти жаңы жагдайларга байланыштуу төмөнкү инстанцияларга кайра кароого жөнөткөн. Ошентип, Текебаев соттолгон деген статустан кутулган.
Бүгүн Текебаевдин арызын БШК бош мандаттын жоктугунан улам кароодон баш тарткан. Аны менен катар эле депутат Садык Шер-Нияздын эл өкүлдүктөн баш тартып, депутаттык креслонун бошору айкын болду.
Эртең БШК Шер-Нияз менен Текебаевдин арызын карай турганы күтүлүүдө.
Текебаевдин иши
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.
Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген.
Булак: "sputnik.kg"