www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын абадан коргонуу каражаттары Еравандан алыс эмес жерде Азербайжандын учкучсуз учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлиги маалымдады.
Буга чейин министрлик Азербайжан армян калктуу конуштарын аткылаганын кабарлаган. Бир карапайым киши өлгөн.
Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения тараптан атышуу болгонун билдирүүдө. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы 19 киши мерт болгонун бышыктоодо.
Азербайжан учкучсуз учактарды Израиль жана Түркиядан сатып алат. 1-октябрда Армения ТИМи кеңешме үчүн Израилдеги элчисин чакыртып алган. Министрлик Бакуга курал-жарак сатуу туура эместигин билдирүүдө.
1-октябрда АКШ, Орусия жана Франция лидерлери Азербайжан менен Армениянын президенттерин ЕККУнун арачылыгы алдында алдын-ала шарт койбой туруп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан.
Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар мерт болду.
Эске салсак, Азербайжан менен Армения 1980-жылдардын аягынан баштап Тоолуу Карабак үчүн тирешип келет. Азербайжандын аймагында болуп, негизинен армяндар жашаган бул аймак өз алдынча бөлүнүп чыкканын жарыя кылган. Дүйнөлүк коомчулук тааныбаган аймакта соңку 30 жылда бир нече жолу куралдуу кагылыштар болгон.
Булак: NazarNews.kg