www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Алексей Навальныйдын артында АКШнын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат деген маалымат бар экенин билдирди. Бул тууралуу Песков «Коммерсант FM» радиосунун суроосуна жооп берип жатканда билдирди. Кремлдин өкүлү буга чейин боло келгендей эле Навальныйдын атын атабай, «бейтап» деп атады.

Ага чейин Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин оппозиционерди «Батыштын атайын кызматтары менен кызматташат» деп айыптаган.

Орус аткаминеринин мындай реакциясы Алексей Навальныйдын өзүн «ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат» деп айтканы «Der Spiegel» аттуу немис журналына жарык көргөн соң болуп отурат.

Анда оппозиционер: «Бул кылмыштын артында Путин турган деп бышыктайм, болуп өткөн окуя боюнча менде андан башка версия жок», - деп билдирген. Ал Орусияга кайтууга даярдык көрүп жатканын, бийликтин опузасынан улам артка чегинбей турганын кошумчалады.

Эми болсо Песковдун айыптоосунан соң Алексей Навальный Кремлдин өкүлүн сотко берерин жарыялады.

Белгилей кетсек, Кремлдин башкы каршылашы 44 жаштагы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан жана Германияда болуп, дарылануусун улантарын билдирген.

Ал эми Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан.

Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет жана Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөгөн.

Буга чейин Навальный ооруканада жатканда Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолукканы жөнүндө «Der Spiegel» журналы жазып чыгып, кийин бул маалымат ырасталган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости