www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын уулу Ашот Тоолуу Карабахка кетти. Бул тууралуу анын апасы Анна Акопян жергиликтүү басылмага билдирген.

Маалыматка ылайык, Никол Пашинян менен Анна Акопяндын жалгыз уулу Карабахка мобилизациялык резервдин курамында кеткен.

“Мен ага: “Ооба, уулум, формаңды кий да бар. Мен сени аябай жакшы көрөм, бирок мекен үчүн курман болгондон өткөн асыл эч нерсе жок”, – дедим.  Бул жерде кандай кырдаал болоорун жана бизде байланыш болор болбосун билбедим. Азырынча анын согуш майданында болушунун зарылдыгы жок болуп чыкты” – дейт Акопян.

Белгилей кетсек, Тоолуу Карабахта кырдаал 27-сентябрда кескин курчуп кетти. Азербайжан Армениянын күчтөрү калктуу конуштарын аткылап, каршы чабуул жарыялаганын  билдирди. Армения өз кезегинде кол салууга Азербайжан армиясын күнөөлөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости