www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан жана Тоолуу Карабак аймагынын өкүлдөрү 27-сентярдагы ок атышуулардан жай тургундар өлгөнүн кабарлашты.

Азербайжан Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө Нафталан районунда армян аскерлеринин огунан бир үй-бүлөдөн беш киши өлгөнү айтылат. Ага чейин азербайжан айылдарында 19 адам жарадар болгону кабарланган.

Белгилей кетсек, Тоолуу Карабак аймагынын өкүлдөрү атышуулардын кесепетинен эки жай тургун өлүп, 30дан ашууну жаракат алганын билдиришти.

Армян бийлиги 50дөн ашуун калктуу конуш, анын ичинде Степанакерт шаары азербайжан дрондорунун жана артиллериясынын чабуулуна кабылганын жана аймакта 16 аскери өлүп, 100дөн ашууну жарадар болгонун кабарлады.

Ошондой эле Азербайжандын президенти Илхам Алиев 27-сентябрда Армения менен чек арасындагы соңку кырдаалдан улам Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултту. Анда коргоо министри Закир Гасанов Тоолуу Карабакта Физули-Жабраил багытындагы жети айыл "бошотулганы" тууралуу маалымат берди. Алиев "азери элин, азери армиясын алгачкы жеңиши менен куттуктады" деп жазылат президенттин расмий сайтында.

Ал эми Армения Тоолуу Карабактагы "бошотулган" айылдар тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында Ереван азери аскерлери Тоолуу Карабакка чабуул койгонун айткан. Армян өкмөт башчысы Никол Пашинян өлкөдө аскердик абал жарыялап, резервдеги кызматкерлерди чукул арада мобилизациялоону тапшырган.

Кошумчалай кетсек, Баку Арменияны Азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп айыптаган.

Эске салсак 1990-жылдардын башында армяндар басымдуулук кылган Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагын Армения колдогон жикчилдер согуш учурунда ээлеп алышкан. Алты жылга созулган кандуу кармашта жалпысынан 30 миңдей адам ажал тапкан, жүздөгөн киши үй жайын таштай качкан. Буга байланыштуу эки өлкө бири-бирине эмгиче доомат артып келет жана чатакты жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулук ортомчулук кылган дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости