www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда төрт айлык карантин режими киргизилди

Коронавирус пандемиясына байланыштуу буга чейин киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтү 11-сентябрда аяктады. Буга байланыштуу Армения өкмөтү өлкө боюнча дагы төрт айлык карантин жарыялады. 

Маалыматка караганда,  алты айдан берки өзгөчө кырдаал режими соңуна чыккан менен өкмөт айрым чектөөлөрдү калтырып, 2021-жылдын 11-январына чейин узартты.

Жаңы чечимге ылайык, Арменияга автоунаа менен чет элдиктердин киришине тыюу салынат. Болгону дипломатиялык кызматкерлер, жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына жана жакындары каза болгондорго гана уруксат берилет.

Эл аралык каттамдар ачылат, бирок чет жактан келгендердин баары текшерилет.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө алтымыштан көп кишиге чогулууга болбойт. Бардык коомдук иш-чаралар санитардык эрежелер сакталган шартта өтүшү керек. Беткапсыз көчөгө чыкканга тыюу салынат.

Беткап тагынбай чыккандарга 20 доллардай айып пул салынат. Ал эми обочолонуу режиминде, коомдук иш-чара өткөрүү эрежелерин бузгандарга $400 доллардай айып пул каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости