www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иракта коронавирустан улам көз жумган атасынын мүрзөсүн ачтырган үй-бүлө, мүрзөдө башка бир аялдын сөөгүнө туш болуп, ызы-чуу чыгарды. Бул тууралуу indyturk.com сайты жазган.
Окуя Ирактын Наджаф шаарындагы коронавирустан улам каза тапкандардын сөөгү коюлган аймакта катталды.
Ирак маалымат булактары берген билдирүүлөргө ылайык, 11-сентябрь жума күнү Зикар аймагындагы мүрзөлөргө келген үй-бүлө расмий уруксаат менен коронавирустан каза тапкан атасынын сөөгүн көмүлгөн жерден чыгарылуусун суранган. Сөөктү кичи мекенинде даярдап койгон мөрзөгө алып бараарын айтышкан.
Бирок, мүрзөдө өлгөн адамдын эмес башка бир аялдын сөөгү чыкты.
Күзөтчүлөр үй-бүлөнүн ачуусун басуу үчүн башка 3 мүрзөнү казып көрүшсө да, издеген сөөк табылган жок. Ызасына чыдабай, ачууга алдырган балдары айланага ызы-чуу салып, күзөтчүлөр жашаган контейнерди өрттөп жиберишти.
Белгилей кетүүчү нерсе, Иракта коронавирустан каза тапкан көп адамдын сөөгү Наджафтагы Wadi al-Salam аймагына коюлат. Өлгөн адамдардын аты-жөнү ооруканада кийгизилген дене баштыкчаларына жазылып, жеке тез жардам кызматы менен мүрзөгө жеткирилет. Ал эми каза тапкандарды көмүүгө Ирактын “Хашди Шаби” куралдуу тобу жооптуу.
Аталган куралдуу топтун экинчи бригадасынын пресс-катчысы Тахир Мусави болуп өткөн окуя тууралуу сөз болуп жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнүн Хашди Шаби жана мүрзө күзөтчүлөрүнөн кылгандары үчүн кечирим сурашканын билдирди. Болуп өткөн окуяга Хашди Шабинин жооптуу эмес экенин айтып: “Хашди Шаби сөөктөргө тагылган ысымдарга карап, ошого жараша мүрзөгө жайгаштырат”, -деди.
Булак: NazarNews.kg