www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов финансылык уюмдар аймактарды өнүктүрүүгө жана айыл чарбасын каржылоого багытталган мамлекеттик программаларды элге жеткиликтүү тилде түшүндүрүүсү керектигин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарында Аксы районунун Кербен шаарындагы "РСК Банкынын" өкүлчүлүгүнүн ишин күтүүсүздөн текшерип барган.

"Банктын имаратынын алдында турган тактачада мамлекеттик программаларды каржылоонун жол-жобосу так, түшүнүктүү жазылып турушу керек. Бул иштер банктын филиалында жетиштүү деңгээлде аткарылган эмес. Жөнөкөй жаран банкка келип, маселен, "Айыл чарбасын каржылоо — 8" программасынын алкагында насыя алайын десе, кайсы документтерди топтоо керектиги боюнча элементардык маалыматтар көрүнбөйт. Ушундай майда нерселер жарандардын нааразычылыгын жаратат", — деген премьер-министр.

Ошондой эле премьер-министр кеңседеги санариптештирүү багытындагы иштерди сындаган. Бороновдун айтымында, мамлекеттик программалар аркылуу насыя алуучулардан талап кылынган документтердин үчөөсү гана кагаз түрүндө, калгандары "Түндүк" электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынат.

Өкмөт башчы бул шарттарды кардарларга так түшүндүрүү зарыл экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости