www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян үй-бүлөсү менен чогуу коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу Пашинян социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде айтканын чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Мен коронавирус инфекциясына каршы тест тапшыргам. Менден инфекция аныкталды. Андан кийин менин үй-бүлө мүчөлөрүм текшерүүдөн өтүштү, тилекке каршы, алардан да коронавирус инфекциясы аныкталды", - деген Пашинян.

Мындан тышкары, премьер-министр өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү өзүнчө обочодо жүргөндө үйдөн эле иштей берерин айткан. Ошондой эле ал башкаруучулук ишин улантууга үйүндө бардык шарттары бар экендигин белгилеген.

Арменияда коронавирус инфекциясы жалпы 9 миң 282 адамдан аныкталды. 131 адам каза болсо, 3 миң 386 бейтап айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости