www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мансурова Эркебү Президент Сооронбай Жээнбековдун белегин алды. Белекти Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев тапшырды. Мындан сырткары кичинекей Эркебүгө райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан да белектер, шириндиктер берилди. 7 жаштагы Эркебү Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын жашоочусу. Апасы төрөттөн каза болгон атасы миграцияда, кабарлашпайт, дайынсыз.

Өлкө башчысынын атынан ноутбук алган Эркебү кубанычтан көзүнө жаш алып, мыкты окуп мугалим болуп, балдарды окутуу максатын билдирди. Таенеси талаа жумуштары менен алектенгенде Эркебү кичинекей бөлөсүн карап жардам берет. Эми ноутбуктан бөбөгүмө тамга үйрөтөм деген кызга өкмөт өкүлү вай- фай роутер берип жиберерин убада кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости