www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын Коргоо министрлиги 18-19-июнь күндөрү Азербайжан күчтөрү менен чек арасында бир аскери мерт болгонун билдирди. Бирок окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

Азербайжан армиясынын өкүлдөрү чек ара аймагында ок атылганын ырастады. Армян тарап өз күчтөрү "түрдүү калибрдеги куралдан" Азербайжандын армиясын көздөй ок атканын мойнуна алышты.

Тоолуу Карабак аймагына жана анын айланасындагы райондорго байланыштуу 2020-жылдын күзүндө чыккан алты апталык согуштан бери Кавказдагы бул эки коңулаш мамлекеттин алакасы чыңалган бойдон кала берүүдө.

Чек ара аймактарында утур-утур кагылышуулар орун алып, эки тарап мындай окуяларга бири-бирин айыптап келет. Чыңалууну басаңдатууну көздөгөн дипломатиялык аракеттерден толук майнап чыга элек.

Дээрлик 30 жыл бою этникалык армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабак аймагын эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныйт. 2020-жылдагы согуштан кийин Тоолуу Карабактын бир бөлүгү жана анын айланасындагы райондор Азербайжандын карамагына өткөн. Москва арачылык кылган ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, аймакка эки миңдей орусиялык аскерлер мониторинг кылуу максатында жөнөтүлгөн.

Өткөн аптада армян премьер-министри Никол Пашинян Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайрылып, "Азербайжан тараптан туулуп жаткан жаткан коркунучтарды" жөнгө салуу үчүн өз өлкөсүнө жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости