www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда Еревандын мурдагы мэри камакка алынды

Арменияда сот Ереван шаарынын мурдагы мэри Альберт Базеянды камакка алуу чечимин чыгарды. Ал премьер-министр Никол Пашинянга кол салууга даярдык көргөн деп айыпталууда. Бул тууралуу адвокат Георгий Меликян билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Анын айтымында, Базеян күнөөсүн мойнуна алган жок жана өзүн саясий туткун деп эсептейт.

Альберт Базеян жана "Крестоноцы" аскердик-патриоттук уюмунун жети мүчөсү 23-сентябрда кармалган. Аларга бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана Пашиняндын өмүрүнө кол салуу боюнча айып тагылууда.

Бул арада Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылган нааразылык акциялары уланууда. "Интерфакс" агенттиги билдиргендей, бүгүн эртең менен жол тосууга аракет кылган 32 адам кармалды. Кармоодон кийин көчө тосуу иштери токтоду. Бүгүн кечинде борбордо оппозициянын кезектеги митинги өтөт деп күтүлүүдө.

Тоолуу Карабак Азербайжандын көзөмөлүнө өткөндөн бери оппозиция премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган митингдерди уюштурууда.

19-сентябрда Азербайжан бийлиги "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деген максатта Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак бийлиги 20-сентябрда түштө ок атууну токтотконун жана азербайжан тараптын бардык талаптарын аткарууга макул экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости