www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-сентябрда кечинде Армениянын өкмөттүк имаратынын алдында премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган ири нааразылык акциясы өттү. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы жазып чыкты.
Митингчилер өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, ал жерден бир нече топко бөлүнүп, шаардын көчөлөрүн аралай башташкан. Алар жолдорду тосуп, полиция нааразылык акциясын уюштургандарды камакка алышкан. Демонстранттар "Никол саткын!" деп кыйкырышкан.
Жөө жүрүштөн кийин активисттер өкмөткө кайтып келишип, ал жерде полиция менен кагылышкан. Полиция өкмөт үйүнүн айланасын бир нече катар курчоого алып, мыйзамсыз аракеттерге барбоону суранып, антпесе атайын каражаттарды колдонула тургандыгын эскертишкен.
Алдын ала айтылган маалыматтарган караганда, 46 адам кармалган.
Еревандагы нааразылык акциялары 19-сентябрда Азербайжандын армяндар отурукташып, расмий таанылбаган Тоолуу Карабах аймагында “жергиликтүү мүнөздөгү антитеррордук иш-чараларын” баштагандан улам чыккан. Премьер-министр Никол Пашинян кырдаалга кийлигишүүдөн баш тартып, күтүүсүз, эсепсиз аракеттерге барбоо зарылдыгын билдирген. Еревандагы демонстранттар Тоолуу Карабахты таанууга жана Пашиняндын отставкасын талап кылышууда.
Булак: NazarNews.kg