www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын премьер-министринин орун басары Юрий Борисов басма сөз жыйынында Армия-2020 форумунун алкагында коопсуздук өнөр жай секторунда иш алып барган фирмалар, уюмдар жана мекемелер арасында жалпы көлөмү 250 млрд рублдан (болжол менен 3,3 млрд доллар) турган 30га жакын келишимге кол коюлганын маалымдады.
Келишимдин көпчүлүк бөлүгү “саламаттыкты сактоо, билим берүү, ишенимдүү жана сапаттуу жол, турак-жай жана шаардык чөйрө” аттуу улуттук долбоорлордун негизинде ишке ашырылышы пландалууда.
Олуттуу долбоорлордун катарында Магадан аймагында муздаткыч контейнер өндүрүүчү фабрика куруу жана Нижний Новгород аймагында таштандыны автоматтык түрдө бөлүүчү система камтылган фабрика куруу иштери камтылганын айткан Борисов: “Импорт көлөмүнүн артышы жумушсуздук көйгөйүн азайтуу менен бюджетке салым кошот. Бул, жаңы рынокко болгон күрөш жана жаңы инвестициялык циклдин башталышы” деп кошумчалады.
Булак: NazarNews