www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дамирбек Асылбек уулу мунапыс менен эркиндике чыккан

Жогорку сотто парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча 19-августта каралып, 2019-жылы 15-ноябрдагы Жогорку соттун токтому өзгөртүлгөн.

Бул тууралуу Жогорку соттон маалымдашты.

Жогорку сотто мурдагы депутаттын жактоочусунун арызы канааттандырылды. Ага ылайык, Асылбек Дамир уулу Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми Жазык кодексинин 223 – беренеси (“Экономикалык аткезчилик”) менен үч жылга эркинен ажыратылып, бирок Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс колдонулуп, эркиндикке чыгарылды.

«Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкканы 21-августта белгилүү болгон. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында жазасын өтөп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости