www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр "дельта" жана британ штаммдары жаштарга көбүрөөк жугуп жатат. Бул туурауу акушер-гинекологдор ассоциациясынын төрагасы Арсен Аскеров билдирди. 

--"Мутациянын кесепетинен, азыр "дельта" жана британ штаммдары жаштарга көбүрөөк жугуп жатат. Мурда коркунуч тобуна улгайган, салмактуу, кант диабети бар кош бойлуулар болсо, азыр вирустун жаштарга жугуу коркунучу дагы чоң. Бул штаммдардын өзгөчөлүгү – контагиоздуулук деп коет, ошонусу жогору. Башкача айтканда вирус организмге бат кирип кетип, жеңил акыбалдан тез эле оор формага өтүп кетип жатат.  

Күчтүү дары-дармектерди колдонуп жатканда, албетте, ата-энелер анын таасири кандай болот деп суроо беришет. Бул жерде эң негизги кандын уюшуна каршы жана антибиотик дары-дармектери берилет, плазма жасалат. Биз кош бойлууларга алардын терс таасири тууралуу алдын ала айтып беребиз.

Мисалы, кан суюлтуучу дармектердин балага тикелей терс таасири деле жок. Антибиотиктерди чоң дозада бергенде ымыркайга кайсы бир деңгээлде таасири өтүшү мүмкүн. Бирок адатта докторлор балага залака бере турган дозада андай дарыларды сунуштабайт", - дейт дарыгер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости