www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Аксы районундагы трагедиянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Поисковые работы на месте сходя сели в селе Жаны-Жол Джалал-Абадской области

Милициянын билдиришинче, кечээ, 12-июлда, кечке жуук Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын жогору жагындагы Алты-Айры жайлоосундагы бир турак үйдү (жеңил конструкцияда салынган), анын ичиндеги жети адамды алып кеткен.

Поисковые работы на месте сходя сели в селе Жаны-Жол Джалал-Абадской области

Ал эми саат 19:40тар чамасында Жаңы-Жолдун Таштак айылында беш жаштагы баланы Малкалды суусунун жээгинде ойноп жаткан учурда агызып кеткен. Сел үйүнүн жанынан агып өткөн суу менен кошо келген.

"Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, жайлоодон түшкөн сел Жолборсту суусуна келип кошулган. Ошол кошулган жерге чейинки аралыктагы суунун жээгинен бир эркек жана аял кишинин, Шына айылынан бир аялдын, Эчкили айылынын башынан бир аял кишинин жана Жолборсту айылынын кире бериш жеринен эки жаш баланын сөөгү табылган", — деп билдирди милициядан.

Поисковые работы на месте сходя сели в селе Жаны-Жол Джалал-Абадской области

Ошондой эле каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү, тагыраак айтканда, таенеси, кызы жана неберелери болгону айтылат. Сел алган жарандардын алтоо жаш балдар.

Сөөгү табылып, өздүгү такталган жарандар:

63 жаштагы Б.Ж. атуу аял — Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын тургуну;

33 жаштагы Ш.Б. атуу аял — Бишкек шаарынын тургуну;

12 жаштагы Ш.А. аттуу кыз;

7 жаштагы Ш.А. аттуу бала;

16 жаштагы Т.П. аттуу кыз — Таш-Көмүр шаарынын тургуну;

12 жаштагы О.Н. аттуу бала — Ак-Жол айыл аймагынын Эчкили-Сай айылынын тургуну.

Учурда изделип жаткан жарандар:

5 жаштагы бала, Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну;

3 жаштагы кыз, Таш-Көмүр шаарынын тургуну.

Аталган жаратылыш кырсыгы Аксы РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталган.

Аксы РИИБдин өздүк курамы түп көтөрүлүп, окуя болгон жерге барышкан. Ошондой эле министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров жеринде иш алып барууда.

Милиция кызматкерлери сел алган аймакта коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо багытында иштеп, жабыр тарткан жарандарга жакындан жардам көрсөтүүдө. Издөө иштерине тартылып, бүгүн кинологдор да иттери менен жөнөп кеткени кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости