www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Шаардык кеңешке катышып жаткан бир партиянын өкүлү эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу керектигин айтып чыкпадыбы. Бул коомдо катуу талкууланууда. Сиздин пикирде бул маселени көтөрүп чыгуунун башкы максаты эмнеде?

- Эки аял алуу тууралуу маселе көп жылдан бери эле көтөрүлүп келатпайбы. Азыр кайсы бир партия эки аялдуулукту мыйзамдаштырууну көтөрүп чыгууда. Бирок, муну мен көпчүлүк колдобосуна ишенем. Анткен менен өз колдоочулары дагы бар. Эки аялдуулар кимдер? Колунда барлар, жогору жакта отургандар, жадагалса качып кеткен президент деле экинчи аялы менен жашап жүрөт. Ушунун баары өлкөдө мыйзамдын иштебегенинен кабар берет. Ал эми муну көтөрүп чыккандар кыздардын бузулуп кеткенин, көчөдө ачык кийинип жүргөнүн себеп кылышат.

- Демек, акырында кыздар күнөөлүү чыгып, алардын айыбын азайтуунун жолу катары карайбызбы? Мүмкүн айтылган көйгөйлөрдүн өзөгү башка жактадыр?

- Бул эми жөн эле шылтоо да. Кыздардын бузулушуна тарбия маселеси, ошол эле эркектердин жүрүм-турумунун деле таасири бар. Экинчи аялы барлардын арасынан төрт-беш балалуу жесир аялды, же жашы өтүп калганын алганын уккан эмесмин. Баары эле жаш, сулуусун алышат. Бул напсисин тыяалбагандык эмеспи. А эгер байбичесинен башканы жакшы көрүп калса, мыйзамдуу түрдө ажырашып, анан үйлөнбөйбү?

- Эки аял алгандар арабызда көп эле жүрбөйбү? Ошондой үй-бүлөнүн ичинен кимиси көбүрөөк жабыркайт?

- Баары эле бирдей жабыркайт. Ал жерде жыргап кеткен эч ким жок. Экинчи аялды күң катын, токол катары илгертен эле кодулап келген. Айтор, биринчиси, экинчиси, эркеги, балдары баары эле жабыркайт.

- Биздин мыйзамдарда көрсөтүлбөгөнүнө карабай, эмне үчүн көп аялдуулукка жол берилет?

- Бул жерде көбү колунда бар болгондуктан, биринчи аялын финансылык жактан көп басмырлашат. Чогуу тапкан байлыгын тууган-уругуна каттатып коюп, аялына каалаган жагына барууну айтышат. Акырында айласыздан макул болгондор бар. Ошондой эле диний дагы себептер бар. Пайгамбарыбызга таянгандар көп. Бирок, элдин баары пайгамбар боло албайт экенин түшүнүшпөйт. Эгер пайгамбардын жолу менен жашагылары келишсе, анда ачык эле диний мамлекет болушубуз керек. Аныгында, бул багыт туура эмес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости