www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кечээ Аксыда селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандарга тез арада жардам көрсөтүү боюнча министрлер кабинетине тапшырма берди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Президент жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын кайгысын бүткүл өлкө тең бөлүшөрүн айтып, жабырлангандардын тез арада айыгып кетишин каалаган.

"Жапаров министрлер кабинетине селдин кесепетин болушунча тез арада жоюп, жабыркагандага токтоосуз жардам көрсөтүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Мал-Калды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ суу кишилерди агызып кеткенин, анын ичинен алтоонун сөөгү түнкү саат 23:40тар чамасында табылганын билдирген. Кийинчерээк райондук милициядагы ишенимдүү булактар табылган беш адамдын ичинен экөө аял, бирөө эркек жана бири жаш кыз экенин айткан.

Бүгүнкү маалыматтарда каза тапкандардын бардыгы бир үй-бүлө мүчөлөрү экени дайын болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости