www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыдагы 3 медициналык мекеменин кызматкерлери ПЧРдин жыйынтыктарын жана эмдөө паспортторун жасагандыгы үчүн соттолду, деп билдирет Polisia.kz.

Шаардык Криминалдык полиция башкармалыгынын маалыматы боюнча, бир  учурда,- «Достар Мед» жана «Сункар» эки жеке медициналык борбордун кызматкерлери жасалма документтер менен кармалган. Ошондой эле медициналык кызматкерлер жарандарга эмдөө паспортун сатып жаткандыгы жана №4 поликлиникада вакциналарды мыйзамсыз жок кылышканы аныкталды.

«Достар Мед» лабораториясынын кызматкери эки медайымдын жардамы менен, акча өндүрүш үчүн ПЧР тестинин натйжасын атайын жасалма жол менен терс деген көрсөткүчтү берип турушкан.

Эске салсак, буга чейин дагы алдамчылык үчүн «Сункар» медициналык борборунун врач-эндоскописти кармалып сот жообуна тартылган. Жеке текшерүү учурунда, ПЦР тесттеринин натыйжалары, ошондой эле акча процессуалдык тартипте алынган. Ошондой эле №4 шаардык поликлиниканын башкы медайымы кармалган, ал 15 миң теңге өлчөмүндө акчала өндүрүү үчүн эмделди деп жасалма жол менен каттоого алган. Бул фактылар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 385-беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштеринин бирдиктүү реестринде катталган.

Буга чейин Ички иштер министрлиги эмдөө паспортун бурмалаганы үчүн казакстандыктар кылмыш жазасына тартыларын түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости