www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арсен Аскеров:

"Кыргызстанда аборт 50 пайызга өстү. Бул туурауу акушер-гинекологдор ассоциациясынын төрагасы Арсен Аскеров билдирди. 

--"Коронавирус менен ооруй электер жана ооругандар деп эки топко бөлөлү. Азыр штаммдардын өзгөрүп жатышы көп кооптонууларды пайда кылып жатат. Эгер мурда изоляция, беткап эле жетиштүү болсо, азыр бала пландаштырып жаткан айым вакцинаны ойлошу керек. Ушу тапта айрым өлкөлөрдө боюнда бар аялдарга эгер түйүлдүк 12 жумадан ашса,  көрсөтмөлөр бар болсо вакцина сая берүүнү карап жатышат.

Ал эми мурда ковид менен ооругандарга кеңеш: ковидден кийинки абал абдан татаал. Көпчүлүк аялдардын уйкусу бузулат, депрессияга түшөт, башка жаңы оорулар да козголушу  мүмкүн. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, өзүнүн тамактануусун карап, реабилитациялык сунуштарды аткарышы керек.

Эгер боюна бүткөн болсо, түйүлдүк 16 жумага чейинки абал абдан сезимтал болот. Обсервацияны өтө катаал кармаш керек. Себеби, бул учурда вирустун начар штаммы органимзге кирсе, түйүлдүккө коркунуч жаралат", - дейт Аскеров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости