www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирактагы ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар өрттүн кесепетинен көз жумду. Учурда 52 адам каза болгону айтылууда.
«Aljazeera» басылмасы жазгандай, өрт кечээ кечинде Насирия шаарындагы Аль-Хусейн ооруканасынан чыкты.
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы булак билдиргендей, өрттүн келип чыгышына кычкылтек баллондорунун жарылышы себеп болду.
#Nasiriyah moments ago: pic.twitter.com/SCusoo1jZu
— Yousif al-Hashimi | يوسف الهاشمي (@YousifHashimi) July 12, 2021
Насирия шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын өкүлү ооруканадан 52 адамдын сөөгү алынып чыкканын, ошондой эле башка бөлүмдө дарыланып жаткан 22 киши жабыркаганын билдирди.
«Маркумдар күйүктөн каза болушту. Издөө иштери уланууда», - деди ал.
Анын айтымында, коронавирустан 70 адам дарыланып жаткан.
#Developing: More than 20 killed, dozens hurt in fire at COVID-19 ward at Imam Hussein Hospital in Dhi Qar governorate #NRTnews #Iraq pic.twitter.com/SVvxtGJj2K
— NRT English (@NRT_English) July 12, 2021
«Aljazeera» басылмасын билдиргендей, каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн. Себеби азырынча айрым бейтаптар дайынсыз болууда.
Каза болгондордун арасынан экөө медицина кызматкерлери болчу.
3 ай мурун дагы Ирактагы оорукананын COVID-19 бөлүмүнөн чыккан өрт адам өлүмүнө алып келген болчу.
Тактап айтканда апрель айында Багдад шаарындагы ооруканада дагы кычкылтек баллондору жарылып, 82 бейтап каза болгон жана 110 адам жаракат алган.
اخراج الضحايا من مستشفى الحسين في #ذي_قار pic.twitter.com/nCE5Qa2p2v
— Rudaw عربية (@rudaw_arabic) July 12, 2021
Бүгүнкү күнгө чейин Иракта 1 млн 400 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 17 миң бейтап каза болду.
Булак: NazarNews.kg