www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Адамдардагы жинди айдоого сизге эмне түрткү болду?

– Жин чыгарууну Египетте окуп жүрүп үйрөнгөм. 2008-жылдан бери адамдарга дем салып дарылап жүрөм. Жин оорусу менен ооругандарга жардам берүү үчүн ушул ишти тандадым.

– “Аялдарга эркек жиндер ашык болуп киришет” деген туурабы?

– Жиндин 60-70 пайызы аялдарга кирет. Ашыктык менен кирген жин кадимкидей зордуктайт, тагыраагы, түшүндө алар менен жыныстык катнашта болот. Мындан эки жыл мурун жолдошу менен ажырашкан аял келип: “Түшүмдө күйөөм менен болгондой болом, бирок анын жыты жолдошумдун жытына окшобойт. Аны түрткөнүмө карабай зордуктайт. Ойгонорум менен азыр эле жыныстык катнашта болгондой болуп чарчап калам”, - деп айтып ыйлап калды. Дем салсак ага сегиз ай мурун жин кирген болуп чыкты. Дем салуу учурунда жин ошол үйдө мурун сойку кыздар жашап жүрүшкөнүн жана күн сайын алар менен болгонун айтып берди. Кийин ошол аял көчүп келиптир. “Аны биринчи көргөндө эле жакшы көрүп калдым, бирок ал дайыма эле бир эркектин сүрөтүн карай берет. Анан мен ошол эркекке окшошуп келбетин кийип алгам”, - деп жин айтып берген.

– Жин менен кантип сүйлөшөсүз?

– Жинди биз куран окуу менен чыгарабыз. Куран окуп баштаганда жин ошол адамдын тили менен ага кантип жана качан киргенин айтып берет.

– “Мусулман жин кирип намаз окуп калыптыр” деп айтып калышат го. Мусулман жин да болобу?

– Жок, мусулман жин эч убакта адамдын ичине кирбейт. Капыр жиндер адамдын ичинен чыкпоонун аракетин кылып аны намаз окутуп, бирок өз иштерин кыла берет.

– Жин чыгарып жатканда алар сизди коркуткан учурлар болду беле?

– Ооба, болгон. Бир жолу: “Эгер сен менден коркпосоң, жүр, ээн талаада олтуруп сүйлөшөбүз. Ошончолук кыйын болсоң, кел, дааратканага кир. Мен сага жүзүмдү көргөзөйүн”, - деген. Жинди адамдан чыгарып жатканда ал коркутуп айта берет. Бирок чыккан соң эч нерсе кыла албайт.

Булак: "lady.kg"

Последние новости