www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва бийлиги кара куюндан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация ар бир үй-бүлөгө 1 млн рублден төлөп бермекчи болду. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин Н.В.Склифосовский атындагы тез жардамдын Илимий-изилдөө институтуна барганда билдирди.

“Ар бир үй-бүлөгө бир миллиондон төлөп беребиз. Чечим эртең өкмөттүн жыйынында кабыл алынат” деп, ал кара шамалдан жапа чеккендерге акчалай компенсация төлөнөрүн кошумчалады. “Москвада трагедиялуу окуя болуп кетти, табигый кырсыктын айынан 11 киши курман болуп, 70 киши катуу жараат алышты. Жабырлануучуларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Эртең Москва өкмөтүнүн жыйынында финансылык компенсация боюнча чечим кабыл алынат, бирок акчалай адам өлүмүн, адам трагедиясын компенсация кыла албайсың дечи. Мен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга көңүл айтам”, - деди Собянин.

Мэрдин сөзү боюнча болуп өткөн кырсык болуп көрбөгөндөй. “Трагедия болуп көрбөгөндөй болду, кара шамал күндүз болгондуктан, жабыр тарткандар көбүрөөк болду”, деп белгиледи Собянин. Мэр Склифософский атындагы ИИИге келип түшкөндөр менен сүйлөшүп, айыгып кетүүлөрүн каалады.

Склифософский атындагы ИИИнин директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Сергей Столяровдун айтуусу боюнча ооруканага 14 жараат алгандар келип түшкөн. “Азыркы учурда ооруканада 5 жарадар бар, алардын бири реанимацияда, төртөө – клиникалык бөлүмдө. Калгандарына жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылды”, - деди ал. Врачтын айтуусу боюнча көпчүлүгүнүн денесине залал келтирилген, тытылган, көгөргөн жерлери бар.

Москвадагы кара куюн дүйшөмбү күнү Москвада кубаттуулугу 28 метр/секундага жеткен катуу шамал болуп, нөшөр төктү. Борбордун саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча 11 киши курман болду. Өзгөчө кызматтарынын маалымат булагы боюнча Москвада жабыр тарткандардын саны 100дөн ашып кеткени айтылууда. Жабыр тарткандар шаардын он ооруканасына жеткирилген. Москванын прокуратурасы борбордун жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо департаменти жана турак жай-коммуналдык чарбасы менен бирдикте киши өмүрүн алган кара куюндан кийинки акыбалды текшерүүдө. Москвада күндүн аягына чейин аба-ырайынын кескин өзгөргөнү сакталмакчы.

Москвада жана Борбордук федералдык округда куткаруучулар, коммуналдык жана жол кызматтары, энергетиктер кырсыктын кыйсыпыр салган натыйжасын жоюуда. Орусиянын ӨКМ билдиргендей, Москвада жана ОФнын борбордук бөлүгүндө 4 миң калк жашаган 20 пунктта электр берүү үзүлүп, миңден ашык бак-дарактар кулап, 30тан ашык көп кабаттуу жана жеке үйлөрдүн чатырын алып кетип, 10 автомашинага залакасы тийген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости