www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө республикалык бюджеттин эсебинен заманбап даараткана салып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат парламенттин бүгүн, 2-июндагы жалпы жыйынында билдирди.
"Бул элдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталат. Бизде калктын басымдуу бөлүгү чоң аталарыбыз, бабаларыбыз барган дааратканаларга барып келишет.
Маданиятты өнүктүрүүгө багытталган программа керек, ага ылайык мамлекет өзүнүн эсебинен ар бир үйгө заманбап даараткана душу менен санитардык блок салып бериши керек.
Жарандын жашаган үйүнө жараша аларды 3 түргө бөлсөк болот. Ага кеткен каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп, ар бир жаран ал сумманы ипотека катарында 10, 15 же 20 жылдын ичинде төлөп бериши зарыл. Азыркыга чейин мектеп курулса, дааратканасы сыртында жайгашат. Бул туура эмес. Биз цивилдүү өлкөлөрдүн катарына кошулушубуз керек", — дейт эл өкүлү.
Эске салсак, буга чейин Арсланбек Малиев "Кумтөрдүн" кирешесинин 0,6 пайызы Нарынды өнүктүрүү фондуна өтөкөнүн катуу сынга алган. Буга байланыштуу депутат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсүн талап кылган.
Булак: NazarNews.kg