www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча маалыматын өзгөртүп, ГЭС сегиз жылда эмес, төрт жылда ишке кирерин билдирди.

Бүгүн, 2-июнда аткаруу бийлигинин сайтында ошол эле маалымат оңдолуп, башка мөөнөт жазылып калган.

"ГЭСтин биринчи гидроагрегатын 4 жылдан соң ишке киргизүү пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин айтымына таянып, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын сегиз жылдан соң ишке киргизүү пландалып жатканын маалымдаган болчу.

Камбар-Ата-1 ГЭСи 1 860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 миллиард кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Казакстан менен Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости