www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу кыргыз элим! Жакынкы убакыттарда эле өзүн Ширинай Орозбаевамын деп тааныштырган кыздын мага жолдогон видео Кайрылуусун көрүп аябай таң калдым. Анын мага койгон дооматтары, жумшак айтканда жосунсуз, олутсуз жана чындыкка дал келбейт. Биринчиден, мен ал кызды такыр тааныбаймын  биринчи жолу видеотасма аркылуу көрдүм. Анткени, бир дагы жолу жашоомдо мен авто кырсыкка учурап, бирөөгө залакам тийген эмес. Экинчиден, анын мага жолдогон видео-кайрылуусу такыр түшүнүксүз. Үчүнчүдөн, ал кыз менин жадагалса атымды туура билбей тургандыгы тасмада байкалууда. Төртүнчүдөн ал кыз мага теңтуш катары сүйлөгөнү менин жашымды билбегенинен кабар берип турат. Бул кыз кимдир бирөөнүн "ыплас" саясий оюнунун курмандыгы болгону абдан  өкүнүчтүү. Мунун баарын өзүңүздөр видеотасмадагы Кайрылууну көрүп түшүнөсүздөр деп ойлоймун. Улуу Рамазан айында жалпы Кыргыз элиме жакшылык каалап, жогорудагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызды жеке кызыкчылыктарына пайдаланган менин каршылаштарыма дагы Кудай ыйман берсин. 

Сиздерди терең Урматтоом менен, Арсланбек Малиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости