www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык түйүндөрдө наристенин сууга чөгүп жаткан видеосу кызуу талкуу жаратууда. 

Анда сууга түшүүчү баллон асты-үстү айланып, кичинекей бала башы менен ваннадагы сууга тумчугуп калган. 

Бул тасма балдарды үйдө ваннада болобу, бассейнде же көлдө болобу жалгыз калтыруу өтө коопту экенин далилдейт.

Анткени башы менен сууга көмкөрүлүп калган чүрпө өлүп кала жаздаган. 

Видео көзөмөлгө түшүп калган тасмада сууга толгон ваннага баланы атайы сууга түшүүчү баллон менен салып коюшканын көрүүгө болот. Капысынан ал асты-үстү түшүп, ымыркай дээрлик 72 секунд өз өмүрү үчүн күрөшөт. Бирок жанында жардам берчү эч ким болгон эмес. 

Качан бала алын жоготуп, кыймылдабай калганда гана сырттан ата-энеси чууркап кирип куткарып калышкан.

Булак: "5news.kg"

Последние новости