www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында сүйлөшкөн кызын 4-этаждан ыргытып жиберген, 26 жаштагы Муса уулу Канатбек сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя былтыр 7-майда болгон. Канатбек аттуу жигит, досунун тоюнда сүйлөшкөн кызы менен уруша кетет. Тойдон кийин ачуусун баса албаган жигит, ичип алып, кыздын үйүнө барып алып чыр салат. Коркутуу максатында гана сүйлөшкөн кызын балкондон ыргытымыш болгондо, кыз коркуп кетип чалкалап жиберип, жигиттин колунан чыгып кетет.

Жыйынтыгында, ал 4-кабаттан кулап, Ош шаардык ооруканасына жеткенден кийин, эсине келбей жатып  каза болгон.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости