www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Улугбек Зулпукарович, “Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына иштей ала турган жетекчи алып келиш керек” –деп парламент жыйынында айтсаңыз, айрым ММКлар Сиздин Кытай тарап менен тоок эти боюнча бизнеси бар дегендей айтып чыгышты...

--Жогорку Кеңештин жыйынында ошол маселени көтөрүп чыккам. Себеби, Кыргыз өкмөтү 2016-жылдын отчетун берип жаткан учурда 2017-жылы Кытайдан канаттуулардын эти келбей калгандыгы тактап, “Эмне үчүн жыл сайын Кыргызстанга келип турчу нерселер келбей калды?” деп сурагам. Кыргызстанга Кытайдан канаттуулардын этин алып келген 5-6 фирма бар болчу. Алар бизге эле эмес, биз аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга жана Казакстанга тоок этин кетирип турчу. Бул мыйзамга дал келген эл аралык алака. Алар мамлекеттик казынага 4 миллиард сомдон ашык салык төлөчү. Жогоруда мен көтөрүп чыккан маселеге тийиштүү инспекциянын жетекчиси Кыргызстан Евразиялык биримдикке мүчө болгондон кийин Россия жана Казакстан менен макулдашышыбыз керек, ошол макулдашуу бүтө элек деп жооп берди. Өкмөт отчет бергенден бери 45 күн өттү. Мен көтөргөн маселеме бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Бир канча жолу Кытай тараптын заводдорунан келген атайын билдирүүгө биздин мамлекеттик органдар дагы деле алгылыктуу жооп бере элек.
Мамлекеттин казынасына пайда келтирип жаткан маселени көтөрүп чыксаң, тилекке каршы, айрым ММКлар: “Ормонов өзүнүн бизнесин коргоп, керт башын ойлоп жатат” –деп жазды. Мындай окуя бир нече жолу башымдан өткөн. 2007-жылы оң рулдуу жеңил машиналарды Кыргызстанга киргизбөө боюнча атайын мыйзам көтөрүп чыккам. Ошондо дагы “Ормонов Германиядан машина ташыйт экен, машина бизнеси бар турбайбы?” -деп ызы-чуу кылышкан. Азыр дагы так ошол көрүнүш.

--Чын эле Кытай тарап менен бизнесиңиз барбы?

--Мен расмий айтып коюшум керек. Кытай менен эч кандай бизнесим жок. Мындай бизнес менен иштеген дагы эмесмин. Журналисттер мага кайрылып, тактап коюшса болмок.

--Сиз көтөрүп чыккан маселенин канчалык деңгээлде пайдалуу жана зыяндуу жактары бар?

--Биринчиден, биздин мамлекеттик казынага тыйын түшпөй жатат. Экинчиден, контрабанда күчөдү. Жакында эле 40 тонналык жүк кармалды. Мындан бир нече күн мурун Тажикстандан келаткан контрабанданы кармашкан. “Таза этти жейин десек, Кытайдыкын алып келип жатышат” –деп айтып жатышпайбы. Ошол келбеди делген канаттуулардын эти келип эле жатат. Айырмасы, мурда мыйзамдуу түрдө кирсе, азыр так ушул тапта бирөөлөр мыйзамсыз, мамлекетке бир дагы салык төлөбөй алып кирүүдө. Кыргызстандагы ресторан-кафелер Кытайдан келген канаттуулардын эттерин толугу менен пайдаланууда. Маселе так ушунда, антип жаап-жашырып алып келбей, мыйзам жолу менен алып келсе, акча мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшыбы деген сунушту айттым. Бизге келбей калды эле Тажикстан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алып келип, эми алар аркылуу кыргыздар алып жатат. Айырмасы бар бекен? Так ушул сөздөрүм “Экологиялык продукцияга каршы чыгып жатат” дегендерге жооп. Мен көтөргөн маселе, менин эмес мамлекеттин кызыкчылыгы деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости