www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери жана Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысынын үстүнөн өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иштер тергелип бүтүп, сотко өттү.
Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирет. Эки милиционердин үстүнөн КЖКнин 304-305, аймактык бөлүмдүн башчысынын үстүнөн 305-беренелери менен УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштер тергелип, аларга айыбы угузулуп сотко жөнөтүлдү. Учурда бул иш Сузак райондук сотунун кароосунда жатат.
2016-жылдын октябрь айында Сузак районунун Сымкат айылынын тургуну, 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбеков уурулукка байланыштуу милицияга сурак берип чыккан соң, бир жумадан кийин үйүндө асынып алган. Маркумдун туугандары милиция өспүрүмдү уурулукка айыптап, ата-энесин катыштырбай суракка алды деп билдирген. Маркум окуучу каза болор алдында атасына кат жазып, анда уруулук кылбаганын жана Орусияда иштеп жүргөн апасын сагынганын билдирген.
Булак: "azattyk.org"