www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арстан Алай Абдылдаев Конституция боюнча оюн жазып, Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды. Ал төмөндөгүдөй жазылган:
«Кыргыз эли байыркы эл экендигин, тарых тактагандан кийин аны кантип мыйзам ченемдүү башкарып, өнүктүрүп, кандай мыйзам бап келээрин баяндайм. Биздин элди башкарууга батыштын Конституциясы төп келбейт. Техникасы, этикасы, көз карашы такыр болбойт. Улуу элди башкаруу үчүн, ата-тегин, улуу жаратылышын, ырымын, табитин, духун, керемет сөздөрүн, жашоого байланышкан сырын, шыгын, менталитетин баалап анан башкаруу мыйзамын түптөө керек. Кыргыз элинин табигый мыйзамын азыртадан түптөп бербесек ата-тегибиздин Арбайы урат, Теңир жазалайт, Жер эне кырсыгат. Кыргыз журту дүйнө эли жашап жаткан батыш мыйзамына баш ийбейт. Табигый мыйзамдын нугунда жашайт, ошол өңүттө башкарылбай, тескерисинче кыйрайт, куту учат, жоюлууга дуушар болот.
Кыргызды башкаруу мыйзамы бул- касиетин, тегиздигин, улуулугун, тереңдигин, улуу духун, өнөрүн, жөлөмө күчүн, тарыхын, куттуу эл экендигин-даңазалап, мыйзам түптөш керек. Башка жол жок. Батыш элине таянам, теңелем деп, Теңир тозогун ушул күнгө чейин көрдүк, кыйрадык. Байыркы кыргыздын салты, ырымы, кыргызчылыгы – конституция болуп иштеген. Элибиз тоодо олтуруп, өнүккөн. Боз үйдө жашап, боштондукка чыккан. Кыргыздын жолун тааныбай туруп, жол баштасаң бул — Кудай, ата тегибиздин Арбайы урат, алаамат иш болот. Кыргыз өзүн тааныса аткан октой өнүгөт.
Кыргыз журтунун Конституциясы бул — канындагы табигый мыйзамы, кыргызчылыгы, жөнөкөйлүгү, жоюлбаган керемети, көсөмдүгү, астанадагы жайгашкан ата-тегинин арбайы, жылдыздагы түбөлүктүү оорду, тегиздиги, табияты, баш ийген шаманчылыгы, кой мүнөздүгү, жүкчүлдүгү, убагы келгенде учуп чыгып көңүлүнө жакпаган бийликти тескегени, соттогону, бийлегени, ачыла элек сыры, көптөгөн кара кыргыз аталышы, том том болгон ой мүнөзү болот. Кыргыз байыркы дейбиз, бирок батышты ээрчип кор болобуз. Керек болсо, кыргыз табиятты тейлеп, заманды утурлаган, кылымды жетектеген, эч кимди ээрчибеген, алгыр тапталган куш, Аалам-Жерди тааныган, адамзатка тагдыр буйруган, Көк Теңирдин сырын кийген, кайыптан кырк үр кыздан (40 периште) жаралган кыргыз эл. Алмусдактан өчпөс, өлбөс, өңү оңбос, кемибес жер эненин улуу кенчи»
Булак: «NazarNews.kg»