www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнүн эптей албай атып, эртеңки “куйрукту” сугунгусу келген айрым атканминерлер жалпыга көө жаап коюп, элдин көөнүн жетекчилерден айнытып атпайбы. Кечээ күнү самса сатып жүрүп эле бүгүн бакандай мамкызматкер болуп чыга келгендер кызматтык этика, аброй дегендерге көп деле баш оорутушпайт өңдөнөт.
Дегеним, Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Cоцдемчи болгону менен эртеңки күндүн камын көрүү максатында учурда аламанга тизилген талапкерлердин ичинен шансы чоңураак делген Өмүрбек Бабановго жан тартып жатканы өзүнүн эле тар чөйрөсү тарабынан каңкууланууда. Аттарын азырынча атабоону өтүнгөн анын аткошчулары жетекчинин мындай жүрүшүнө нааразы болуп, кыңыр ишти ачыкка чыгаруудан ийменип турушат.
Албетте, кишинин чыдамы кийиз эмес, анан да партияга идея менен берилген жигиттер аягына чейин оозун жаап жүрө албайт, эртеби-кечпи баары бир жарылат. Эгер ачыкка чыгып айтылып кетсе не болот? Кыянбек мырзанын КСДПнын терисин жамынып алып, эки жүздүү саясат жүргүзгөнү ачыкка чыгып кетпейби?
Булак: "Де - Факто"