www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек биргелешкен  «Артель Электроникс»  ишканасы 2023-жылдан тарта экспортко чыгууну пландоодо. Бул тууралуу президенттин пресс кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы учурда ишкана айына 900гө жакын кир жуучу машина чыгарат. Ай сайын 3 млн сомго жакын соода жүргүзөт. Өндүрүлгөң продукциялар азырынча ички рынокто сатылат, бирок кийинчерээк экспортко чыгуу пландалууда.

Коммерциялык директор Орозбай Атоджановдун айтымында, фабрикада азырынча 105 адам иштейт, кийинчерээк жумушчу орунду 200гө жеткирүү каралууда.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 10-сентябрда, Ош шаарына болгон иш сапарда заводдун иши менен  таанышып чыгып,  эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнү өнүктүрүү керек экендигин жана өлкө экспорт боюнча эң ири потенциалга ээ экендигин баса белгилеп айткан. 

Ишкана мындан ары газ плиталары менен сыналгыларды да өндүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости