www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев адвокат Ольга Новохатскаяга кол көтөрдү делген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Эрмек Нургазиевдин айтымында “Альянс Курулуш” " курулуш компаниясынын коомунун үлүш ээлеринин кызыкчылыгын коргойт делген адвокат Ольга Новохатская жаңжалды атайын уюштурган.

“Бул окуя 2019-жылдын 7-сентябрында болгон. Мен кооперативдин төрагасы болуп шайланган Бишкектин 8-кичи районундагы объекттин жер төлөсүн "Капитал Плюс" микрокредиттик компаниясы камакка алмакчы болгон. Ошол күнү үлүш ээлери менен болгон жолугушууга Ольга Новохатская эч ким чакырбаса дагы келген. Бирок ал чагымчылдыкты алдын-ала пландаштырып, окуяны видеого тартууга адамадарды даярдап койгон. Сүйлөшүү учурунда ал кырдаалды козутуп, биринчи мени жаакка чаап жиберди, мен дагы эмне кылышты билбей аны чаап жибердим. Белгилей кетейин, ал атайлап күтүлбөгөн жерден ачык чагымчылдыкка барган. Бул окуядан кийин ал милицияга арыз жазган. Мен дагы арыз жаздым. Ошол эле күнү милицияга күбөлөр менин сөздөрүмдү тастыкташты. Ошентип чыр-чатак жөнгө салынган.

Бул окуядан бир жыл өткөн соң Новохатская менин парламенттик шайлоого аттангандыгымды билип, бул окуянын видеосун жарыялап жатат. Ал видеодон мени жаака чапкан бөлүктү кесип салып, окуяны башка өңүткө буруп, шайлоо өнөктүгүмө тоскоолдук кылууну көздөөдө.

Насыя алган адамдар төлөмдөрдү кечиктирген үчүн «Капитал плюс» микрокредиттик компаниясы насыя алуучуларды сотко берип, күрөөгө коюлган мүлктү камакка алышкан. Ошентип, алар  “Альянс Курулуш” курулуш компаниянын мүлкүн камакка алышып, натыйжада 600 үй-бүлө жабыркаган. Жабыр тарткандар Новохатскаяны адвокат кылып жалдашат. Ольга Новохатская үлүшчүлөрдүн укугун коргогону менен «Капитал плюс» микрокредиттик компаниясы менен кызматташкан.

Новохатская үлүш ээлеринин кызыкчылыгын коргойт делгени менен алардан бир нече миң сом чогултуп алып, бирок ал эч кимге жардам бере алган жок. Ал баардык соттон утулган.

2018-жылы "Альянс Курулуш" курулуш компаниясынын директору Максим Алянов куамалган соң, үлүш ээлери мен баштаган турак-жай курулуш кооперативин каттоодон өткөрүп, имаратты бүтүрүп берүүмдү суранышты. Бирок, «Капитал Плюс» компаниясы, анын ичинде Ольга Новохатская буга бут тосушту. Алар үчүн үйдүн курулушу бүтпөй, сот аркылуу аларга өтсө пайдалуу болмок”, – дейт Эрмек Нургазиев.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

Последние новости