www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Сакманчынын эсин чыгарган көрүмчү

Сакманга баргандагы бул укмуштуу окуя эч эсимден кетпейт. Анда районубуздагы кесиптик-техникалык орто окуу жайдын 3-курсунда окучу элем. Ошондо жаз мезгилинде студенттерди окуу жайдын жетекчилери чабандарга жардам бергенге жөнөткөн болчу. Эрмек деген группалашым экөөбүз сакманга барганда туут өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан-дыктан сакманчылар жетишпей чабандын жүдөп жаткан кези экен. Экөөбүздү кубанып тосуп алган чабан:

-Жигиттер өз учурунда келгениңер жакшы болбодубу. Жүргүлө силерге сарайдын ичин бир сыйра көрсөтүп чыгайын,-деп бизди ээрчитип сарайга кирди.

Эски сарайдын ичи эмнегедир көзүмө коркунучтуу көрүнүп кеткенсиди. Чабан иштин жайын түшүндүргөн соң экөөбүздү сакманчылар жашаган үйгө жайгаштырды. Анан сакманчылар менен таанышьш тез эле тил табышып кеттик. Кечинде тамак ичип отурганыбызда чабан мага кайрылып үрөйүмдү учуруп:

-Адыл мен силерге алдын ала эскертип коёюн. Бул сарайдын ээси бар экен. Кээде сакманчыларга көрүнөт окшойт. Эгер көзүңөргө көрүнүп калса келме келтирип өзүңөрдү бекем кармагыла. Катуу коркуп калсанар оорулуу болуп каласыңар,-деп кулакка жагымсыз сөздөрдү сүйлөдү.

Ошону менен токтоп кал-бастан андан кийин ого бетер күчөп коркунучтуу окуялардан айтып берди. Тамакты ичип бүтүп өзүбүз жайгашкан үйгө барып бир топ убакытка чейин сакманчылар менен карта ойноп отурдук. Качан гана уйку-буз келгенде ордубузга жаттык. Жарыкты өчүргөндө эле сырттан иттер үрө баштады. Бир маалда терезени кимдир бирөө черткендей болду. Анан бир сакманчы баягы дагы келди окшойт дегенде терезени карагым келбей жанталашып төшөктү чүмкөнө калдым. Көзүмдү бекем жумуп жатып кайсы убакта уктап калганымды сезбей калыптырмын. Ошол түнү жаман түштөрдү көрүп кыйналып чыктым.

Эртеси күнү чабан түнкүсүн күйөө баласы экөөбүздү сарайга күзөткө турарыбызды айтканда кадимкидей кыжаалат болдум. Ал күнү жумуш менен алагды болуп жүрүп кечтин киргенин да билбедим. Кечки тамакты ичип бүткөндөн кийин чабандын күйөө баласы экөөбүзсарайдыничин толук кыдырып бүтүп сакманчылар күзөткө турган бөлмөгө келип кызуу сөзгө кирдик.

Акыры түнкү саат 12ден кийин чабандын күйөө баласы:

"Сен эки саат уктап эс алгын. Андан кийин мен эс алганда тууй турган коилорду сен карайсын, - дегенде көзүм жабышып уйкум келгенинен дароо макул болдум. Кечке чейин тынбай жумуш жасагандыктан катуу уктап калыптырмын. Далымдан бирөө катуу таптаганынан ойгонсом чабандын күйөө баласы экен. Ошентип кезек мага келгенде калтырап жатып сарайдын ичине бир сыйра көз салып чыктым. Бир убакта артымдан бирөө келатканын сезгенимде коркконумдан ордумдан жылбай калдым. Артыма бурулуп карасам түрүсуук, көздөрүнөн нур чачыраган, төбөсүндө мүйүзү бар киши мени жеп жиберчүдөй болуп акшыя карап турган экен. Жан деген ушунчалык таттуу окшойт. "Аа" деп ач айкырыкты салып тигинин астына түшүп алып артымды карабай качып жөнөдүм. Качып барып чабандын күйөө баласынын жанына жеткенде аны бекем кучактап жыгылдым. Ал дагы чочуп кетсе керек. Бакырып ордунан тура калды.

Ага жанагы түрү суук киши тууралуу айтсам өңү купкуу болуп үнүн араң чыгарып:

"Мындан бир жума мурун ошол киши менин көзүмө көрүнгөндө келме келтирип, андан эптеп качып кеткем. А бирок ал артымдан кубалабаптыр. Анын эмне себептен кубалабаганына эмдигиче таң калам. Деги сак бололучу", - деп бир аз алаксытып эсиме келтирди. Экөөбүз андан кийин тууган койлор менен алек болгуча таң атып калды. Түрү суук киши ошол бойдон көзүмө көрүнбөсө да элеси копкө чейин көз алдымда жүрдү. Сакмандагы мөөнөтүбүз аяктаганда Эрмек экөөбүз аябай сүйүндүк.

Себеби, акыркы күндөрү тажап кеткен элек. Окуубуз башталганда группалаштарыбыз сакманга барганда өз баштарьшан өткөн коркунучтуу окуяларды айтып беришти. Көрсө, ар бир сарайдын ээси болот окшойт. Сакмандагы баягы түрү суук кишиден катуу коркуп калсам керек. Айылга барып калсам түн ортосунда сыртка чыкканда мал камалган короонун жанынан өткөндө эки жагымды элеңдеп карай берем.

Булак: Шамбала

Последние новости