www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун катышуусунда республикалык ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Анда коронавирус инфекциясы кайра жайылып бара жатканы тууралуу маалымат берилди. Биринчи вице-премьер-министр эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү, медициналык мекемелерди алдын ала даярдоону тапшырды.

«Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал акыркы жумада начарлаганы байкалып жатат. Ар бир облустагы, айыл өкмөттөрдөгү медициналык мекемелер элдин саламаттыгына жакшылап көзөмөл кылып, коронавирус инфекциясынын деңгээлин текшерүүгө тийиш. Кырдаал начарлап кетсе, кошумча коргоо чаралары көрүлөт. Ооруканалардын дары-дармектер менен камсыздалып, дары-дармек запасы дарыканаларда дагы эки айлык мөөнөттөн азайтылбашы керек».

Артем Новиков ошондой эле, дары-дармектин баасы да мамлекеттик көзөмөлдө болорун эскертип, кийинки жумада бул маселе фармацевтикалык ишканалардын ээлери менен талкууланарын билдирди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандар өзүнүн саламаттыгына жоопкерчиликтүү болуп, беткап тагынууга, социалдык аралыкты сактоосу жана башка тиешелүү талаптарды так аткарууга тийиштигин, зарылчылык болсо массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө салууну сунуштады.

Жыйын соңунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), облустардагы өкмөт өкүлчүлүктөрү, шаар мэриялары менен бирге жарандарга санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Коронавируска каршы штабдын 20-мартка карата берген маалыматына ылайык, 20-мартта Кыргызстанда 82 адамдан вирус аныкталды. Алардын ичинен 55 адам Бишкекте, 19 адам Чүй облусунда, Ысык-Көл облусунда 5, Жалал-Абадда үч адам инфекцияны жугузуп алган.

Былтыркы 18-марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны бүгүн 87 321 адамга жетти. 84 130 адам айыкты. 1488 адам оорудан көз жумду.

Ушул тапта стационарда 395 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 98и оор абалда, 19 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости