www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабаты жагынан Келдибеков Текебаевден, Мадумаровдон калышпайт. Бирок, алардан айырмаланып Келдибеков чарбачыл, ар кандай жумушту алып кете турган профессионал жигит. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Азыркы бийлик мүмкүн болушунча иштейбиз деп аракет кылып жатышат. Мындай экени сырттан көз салып турган биздей карапайым чор тамандарга сезилип эле турат. Мадумаров, Текебаевдердей болуп баарын билип, бирок эч нерсе кылбагандан көрө, эч нерсе билбей, бирок кыламын деген адамдарга ишенишибиз керек. Эң башкысы Жапаров, Ташиев, Мариповдордун аткарып жаткан жумуштарын көрбөдүм дегендердин көзү агып түшүп калат.

Бирок, мен үчүн ушул командада Ахматбек Келдибековдун жок болуп турганы, чала бүтпөй калган жумуштай, же болбосо бир мүчөсү кем туулган майып адамдай болуп эле сезиле берет. Ар бир адам окуган кесибине, кызыккан хоббисине жараша иш аткарса, ошол иштин жыйынтыгы чыгат. Ал эми өзү түшүнбөгөн же каалабаган жумушту кылган адам, мойнунан сүдүрөгөн ит ууга жарабайт дегендей эле болот эмеспи. Мисалы, Камчыбек Ташиев ар дайым күч түзүмдөрүн башкара турган жигит. Эркектик мүнөзү, эч нерседен кайтпаган көк жалдыгы, сөзүндө турган марттыгы дал ошодон кабар берет.

Ал эми адамдардын арасынан чанда жолукчу, так айтканда кандай гана жумуш болбосун майын чыгара турган универсал адамдар чыгып калат. Мына ошондой адамдардын бири Ахматбек Келдибеков. Сабаты жагынан Келдибеков Текебаевден, Мадумаровдон калышпайт. Бирок, алардан айырмаланып Келдибеков чарбачыл, ар кандай жумушту алып кете турган профессионал жигит. Сөздү баса сүйлөп так айткан, отуз жолу ойлонуп бир сүйлөгөн, өтө билимдүү кадр. Келдибековдо башкаларда жок дипломаттык касиет абдан бийик. Лавровдун оозун тиктеп, жөн жайсыз эле күлө берген бирөөлөргө салыштырмалуу Келдибеков миң эсе жогору турат. Керек болсо орусчаны да ордуна коюп сүйлөйт. Өзүн алып жүрүүсү башкаларга үлгү боло алат. Эгер билсек, адамдагы бул касиет өтө чоң мааниге ээ, себеби өсүп келе жаткан муун президентибизге, бийлик кызматындагы жакшыларга, парламенттеги депутаттарга карап түздөнүшөт. Ушул нерсени эстен чыгарбай, кадр тандаганда: шалактаган кыйкырчак-бакырчактарды, живачка чайнаган маданияты жокторду, өзбек министри колун сунса алик албай койгон тарбиясыздарды эмес, тескерисинче башка элге уят кылбаган, өз элибизге үлгү боло турган азаматтарды тандаш керек. Келдибеков дал ошондой азаматтардан болот.

Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок деп коет. Мамлекеттик иштерде дос-душман деген нерсени жыйыштырып, өлкөгө пайда келе турган жагын ойлонуштары керек. Анын үстүнө, Садыр Жапаров, Ташиев, Келдибеков, Мамытовдор бир убактарда бирдей куугунтук көрүшүп, темир тордун артында, сот залында бир катар олтурушкан, акыйкатсыздык, арамзаадалык, жалган жалаа, куру доомат эмне экенин бирге көрүшкөн, мүмкүн ошол кыйын күндөрдө бир нанды тең бөлүп жешкен достордон болуш керек эле. Эл ишенип элдик бийлик орнотушту. Эл башына Садыр Жапаровдой элдик президент келди. Ошол элдик бийликтин катарында Ахматбек Келдибековдун опол тоодой орду оркоюп бош турат. Бул нерсе бизге сезилип жатса, кантип айтпай коебуз? Акматбек Келдибековдун бийлик кызматына барганынан азыркы бийлик только пайда гана көрөт. Мындай экенине ишенебиз. Анын үстүнө үчөө тең Бакиевдин кадрлары болуп эсептелет. Бакиев кадр тандашта адашкан эмес. Атамбаев окшогон лодр кадрларды акырын нарыга жылдырып койгон”, - деп билдирген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости