www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары ассоциациясынын президенти Дамира Дооталиева өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырды.
Анын айтымында, буга чейин "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарында суткасына 300дөй жүк ташуучу унаа өтчү. Учурда бештен ашпаган авто араң өтүп жатат, себеби түшүнүксүз. Ошол эле учурда "Торугарт" жабык, ал эми "Эркечтам" жарым-жартылай гана иштөөдө. Товарлар жарым жылдык кечигүү менен келип, өкмөт дагы салык каникулун жарыялабай жатат.
"Абал оор, төртүнчү сезон кыйраганы турат. Каражатты кайдан аларыбызды билбей калдык. Комиссия түзүлсүн, катуу айтып алышым мүмкүн, бирок Кытайга жүгүнүп барса дагы эмнеге чектөөлөр болуп жатканын билишсин", — деди Дооталиева.
Анын мындай сунушуна биринчи-вице Артем Новиков "биз жүгүнүп барышыбыз керек деп айтуу туура эмес. Азыр Тышкы иштер министрлиги, Чек ара кызматы, Нарын облусундагы өкүлчүлүк тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деп жооп берди.
Анын айтымында, жакында бетме-бет сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Ошол учурда бардыгы белгилүү болот.
Булак: NazarNews.kg