www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу максатында жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында 100 орунга ылайыкташкан кошумча корпус ишке берилди. Жалпы аянты 2 миң 310 чарчы метрди түзгөн объекттин курулушу 23-июлда башталган. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Жаңы клиника жугуштуу оорулар ооруканасына коюлган бардык талаптар боюнча салынды. Анда мельцердик бокстор жугуштуу илдетке чалдыккан бейтаптарды дарылоого түзүлгөн, ар биринде өз алдынча желдетүү соргучу менен абаны зыянсыздандыруу эске алынган.

Ооруканага 180ге жакын медициналык шайман, эмерек, тиричилик жана компьютердик техника сатып алынды. Бир көчмө рентген аппараты, өпкөнү жасалма дем алдыруучу 10 аппарат, 20 ВИПАП аппараты, 62 кычкылтек концентратору, 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык шайман, 26дан ашуун жеке монитор жана 1 көчмө УЗИ аппараты орнотулду.

Кайра жандандыруу бөлүмү залдан, изоляцияланган интенсивдүү терапия боксторунан жана бөлмөлөрдөн турат. Алар ыкчам реанимациялык иш-чараларды күнү-түнү жүргүзүүнү камсыздайт. Кайра жандандыруу бөлүмүндө 30 орун бар.

Дарылоочу жана реанимациялык бокстор заманбап жабдыктар жана жашоону камсыздоочу шаймандар менен жабдылган, анын ичинде бейтаптардын абалын туруктуу көзөмөлдөө жабдыктары бар. Бардык бөлмөлөргө борборлоштурулган кычкылтек берүү уюштурулду. Корпуста изоляцияланган бокстор, жарым бокстор жана реанимация бар. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости