www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Түп районунда 14 жаштагы өспүрүм өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, окуя 21-октябрь күнү болгон. Анда өспүрүм сарайга барып асынмакчы болгон.

"Өспүрүм жанын кыймакчу болгон учурда чоң атасы көрүп калып сактап калган. Ага биринчи жардам көрсөтүлүп, райондук ооруканага алып барышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости