www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи вице-премьер Артем Новиков президенттин милдетин аткаруучулук боюнча өз пикирин айтты. Бул тууралуу Sputnikте өтүп жаткан "Артем Новиковдун биринчи вице-премьер кызматындагы пландары" аттуу онлайн-брифинг учурунда сөз кылды.

"Бул боюнча юристтердин жана серепчилердин ар кандай пикирлери бар. Ачыгын айтсам, менде президенттин милдетин аткаруучулукка чейин барууга саясий амбициям жок. Учурда менин алдымда финансы-экономикалык тармакта бир топ тапшырмалар турат", — деди Новиков.

Эске салсак, өткөн аптада президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кийинки жылдын башында өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирген. Анын милдетин андан ары ким аткарат, азырынча белгисиз. Ал эми премьердин биринчи орун басары болуп Артем Новиков иштеп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости