www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев бүгүн, 30-октябрда министрликте өткөн коллегияда Жарандык авиация агенттигине Россияга аба каттамдарын көбөйтүү тапшырмасын берди.

«Жок дегенде бир «Бишкек—Новосибирск» каттамын кошууну сурануу керек. Пандемия учурунда Кыргызстандын көп жарандары өлкөгө кайтып келген, эми кайра кете албай жатышат», - деди Бердалиев.

Буга байланыштуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев Новосибирск, Екатеринбург, Санкт-Петербург шаарларына аба каттамдарды көбөйтүүнү суранып жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости