www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук адабият күнүнө жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрда саат 16:00дө анын  "Кылым карытаар бир күн" романынын негизинде режиссер Назым Мендебаиров тарабынан сахналаштырылган "Кылым карытаар бир күн" спектакли, А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана  балет театрында коюлат. Бул тууралуу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын расмий баракчасына жарыяланды. 

Маалыматта аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу астында өтөөрү, ага Кыргыз Республикасынын Премьер министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков баштаган бир катар мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, адабият сүйүүчүлөрү, театр күйөрмандары катышары жазылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости