www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Бишкекте жол кырсыгынан 66 адам каза болгон

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында 11 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков жана анын орун басарлары, башкармалыктын полкунун командири жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 11 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, төмөндөгү аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Алсак, Бишкек шаарынын аймагында 11 ай ичинде жалпысынан 1 956 жол транспорт кырсыктары катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 393кө азайган, жол кырсыгынан жаракат алган жарандардын саны 2 588ди түзүп, өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу 361ге азайган. Ал эми жол кырсыгынан 66 жаран көз жумуп, өткөн жылга салыштырмалуу 9 жаранга азайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости